КР Эсептөө палатасы Кыргыз-Орус Славян университетине аудит жүргүздү
2024-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин жана Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын Коллегиясынын биргелешкен контролдук иш-чарасы видео конференция форматында “Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети жогорку кесиптик билимдин мамлекеттик билим берүү мекемесинин 2020-2022-жылдары финансылык жактан камсыз кылууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды пайдалануу бөлүгүндө ишинин натыйжалуулугун текшерүү” биргелешкен контролдук иш-чаранын жыйынтыктары жөнүндө отчет каралды.
Аудиттин жыйынтыгы боюнча төмөндөгүлөр аныкталды:
• КРСУнун 2020-2022-жылдарга штаттык жүгүртмөсүндө белгиленген профессордук-окутуучулук курамдын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен белгиленген өлчөмдөргө туура келбейт;
• 2020-2022-жылдары университет тарабынан Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылануучу грант ээлеринин тизмесине клиникалык ординатуранын 675 студенти негизсиз киргизилген. Көрсөтүлгөн мезгил аралыгында Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен ЖОЖ тарабынан негизсиз алынган сумма 26 млн 689,5 миң сомду түзгөн;
• жумуштардын көлөмү жана курулуш иштеринин баасы 250,7 миң сом суммасында ашыкча бааланган;
• Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 300 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарына тарифтерди түзүү жана колдонуу жөнүндө жобонун 16-пунктун бузуу менен, университет 303,4 миң сом суммасындагы соттук чыгымдар акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүнүн өздүк наркына киргизген;
• “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын кодексинин 101-беренесин бузуу менен “Альфа Телеком” ЖАКтан 2020-2022-жылдарга антенна-фидерлерди жана башка жабдууларды жайгаштыруу, орун берүү үчүн ижара акысы 689,1 миң сом түзүп, университет тарабынан бюджетке которулган эмес .
• натыйжасыз пайдаланылган бюджеттик каражаттар 817,2 миң сомду;
• ченемден ашык корлордун калдыктары 1 млн 237,9 миң сомду түзгөн;
• университеттин жер участогунда коомдук тамактануу үчүн бир кабаттуу имарат болгон. Бирок, колдонууда болгонуна карабастан, университеттин балансына киргизилген эмес. Имарат үчүнчү жак тарабынан ижара акысын төлөбөстөн, коммерциялык ишмердүүлүк үчүн пайдаланылган, бул университеттин финансылык отчетунда чагылдырылган эмес. Үчүнчү жактын имаратка болгон укуктарына тиешелүү документтер берилген эмес, бул – бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдын бузулушун көрсөтөт.
Мындан тышкары, университет жалпы аянты 221,2 чарчы метр болгон тиш дарылоо борборун жана 18 млн 790,5 миң сомдук жабдууларды, биргелешип иштөө келишиминин шарттарына ылайык ижара акысын төлөбөстөн иштеткен. Бирок, бул келишимдин шарттары университет үчүн пайдасыз болуп чыгып, анын финансылык ресурстарын натыйжасыз колдонууга жана олуттуу зыян келтирүүгө алып келген. Келишимге ылайык, “Артехико” ЖЧКсы университетке түшкөн пайданын 30%ын төлөп бериши керек болчу, бирок 2020-2022-жылдар мезгил аралыгында университет 3 млн 904,3 миң сом жалпы чыгымдар алдында, болгону 101,1 миң сом суммасын гана алган. Аудит материалдары укуктук баа берүү үчүн КР УКМКга өткөрүлүп берилди.