Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КР Эсептөө палатасы менен Сауд Арабия Королдугунун Башкы аудитордук соту Меморандумга кол коюшту

Бүгүн, 2024-жылдын 17-майында, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен Сауд Арабия Королдугунун Башкы аудитордук соту эки тарап үчүн маанилүү болгон өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту, ал эки өлкөнүн Жогорку аудиттик органдарынын ортосундагы мамлекеттик аудити жаатындагы кызматташтыктын жаңы баракчасын ачты.

Бул документ жалпы кызыкчылыктарды жана максаттарды өнүктүрүүгө багытталган өз ара аракеттенүүнү жана өнөктөштүктү бекемдөөнүн негизги кадамы болуп саналат. Меморандумдун максаты аудит стандарттарын жогорулатуу жана ачык-айкындык принциптерин сактоо үчүн ИНТОСАИ жана АЗОСАИ сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуунун жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн бекем негизин түзүү болуп саналат.

Сауд Арабия Королдугунун башкы аудитордук сотунун Президенти хуссам Аль-Ангари Мырза Меморандумга кол коюлганын кубаттап, анын эки өлкө үчүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал: "Мен Кыргызстанга Сауд Аравия Королдугунун Башкы аудитордук бюросунун төрагасы катары Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына болгон чоң делегациялык визиттин алкагында келдим. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен Сауд Аравия Королдугунун Башкы аудитордук сотунун ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Меморандум эки органдын ортосунда тажрыйба алмашуу, персоналдын деңгээлин жогорулатуу жана аудитордук ишмердүүлүккө байланыштуу көптөгөн ишчаралар камтыйт. Келечекте мунун бардыгын ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз."

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов белгилегендей, Меморандумга кол коюу эки органдын ортосундагы түзүлгөн кызматташтыкты гана күчөтпөстөн, эки мамлекеттин жылуу мамилесин да бекемдей алат. "Өнөктөш менен меморандумга кол коюу биз үчүн чоң утуш, анткени анын чоң тажрыйба жана салт камтыган көп жылдык ишмердүүлүк тарыхы бар", - деп жыйынтыктады ал.

Кол коюлган документтин алкагында кызматташуунун ар кандай формалары, анын ичинде тажрыйба алмашуу, биргелешкен окутуу иш чараларын өткөрүү, аудиттин методологиялары менен алмашуу жана тараптардын макулдашуусу менен биргелешкен иштин башка түрлөрү каралган.

Бул маанилүү кадам аудит жана финансылык көзөмөл боюнча эл аралык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн жогору коюп, эки өлкөдө тең экономикалык ачыктыкты жана натыйжалуулукту өнүктүрүүгө  өбөлгө түзөт.