Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Ош шаарынын бюджетинде 945816,6 миң сом каржы бузуулар аныкталды

Жакында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отуруму болуп өттү. Башка маселелер менен катар 2022-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата Ош шаарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет да каралды.

Жогоруда көрсөтүлгөн мезгил аралыгындагы Ош шаарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары менен аныкталган баардык финансылык бузуулардын жалпы суммасы 945816,6  миң сомду түзгөн, анын ичинен: 395564,8 мин сом калыбына келтирилүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 110098,9 миң сом.

Анын ичинен:

- Бюджеттин долбоору менен бир эле убакта түзүлүүчү бюджеттин долбоорун жана документтерди түзүүдөгү бузуулар – 23479,6 миң сом;

- Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы тиешелүү бюджеттерге которулбаган каражаттар – 8515,3 миң сом;

- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик тутумдун бюджетинин каражаттарын максатсыз пайдалануу – 3630,6 миң сом;

- Капиталдык салымдарга жана курулуш иштерин аткарууга бюдежттик каражаттарды пайдалануудагы бузуулар – 2019,1 миң сом;

- милдеттенмелерди кабыл алуу, тастыктоо жана бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашыкча чыгымдоо (ченемден ашык жана тастыкталбаган чыгымдар) – 80046,5 миң сом;

- Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин аткаруудагы башка бузуулар жана кемчиликтер – 2,9 миң сом;

- мүлктү сактоонун камсыздалбашы – 287596,0 миң сом;

- мүлктү пайдалануудагы бузуулар – 13,3 миң сом;

- бюджеттик отчеттуулукту түзүү эрежелерин бузуу – 527713,0 миң сом;

- мыйзам менен белгиленген мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү жол-жобосун жана талаптарын бузуулар – 12396,7 миң сом;

- башка процедуралык бузуулар – 402,4 миң сом.

Жалпысынан 10 мамлекеттик сатып алуулар тармагында жол-жоболук мыйзам, 6 бюджеттик отчеттуулукту түзүү эрежелерин жол-жоболук бузуу жана  9 башка жол-жоболук бузуулар аныкталган.