Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КРнын Эсептөө палатасынын командасы Бишкек шаарындагы "Акниет" оор кырдаалдагы балдар борборунда тарбияланып жаткан балдар жана тарбиячылар менен жолугушуп келишти

Силер өлкөнүн эң жакшы жараны болушуңарды тилеп дайым жаныңарда болобуз!

КРнын Эсептөө палатасынын командасы Бишкек шаарындагы "Акниет" оор кырдаалдагы балдар борборунда тарбияланып жаткан балдар жана тарбиячылар менен жолугушуп келишти.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторлору Алимжан Байгазаков, Бадахшан Рыскулиев Профсоюз комитетинин төрагасы Руслан Абдыкалыков жана башка кызматкерлер менен бирдикте аталган борбордо ар кандай себептерден улам ата-эненин мээриминен ажыраган балдар менен баарлашып, аларды колдоо ирээтинде мотивациялык кеп козгоп, балдарга жарык маанай тартуулап, алып барган белектерди тапшырып, майрамдык дасторкон уюштуруп, жакшы каалоо-тилектерин айтышты.

“Чоң кишилердин күнөөсүнүн натыйжасында жана ар кандай кырсык аралашкан башка себептер менен силер туш болгон бардык кыйынчылыктарды биргелешип жеңүү үчүн биз дайым силер менен болобуз”, - деди Эсептөө палатасынын аудитору Бадахшан Рыскулиев жогорку класстарда окуп жаткан борбордогу балдар менен баарлашып жатып.

“Жүрөгүңөр жаркын келечекке болгон үмүткө толсун. Кыйынчылыктарды жеңүү үчүн колдоо кылып жана камкордук көргөзүү менен, биз дайым жаныңарда болобуз”, - деди бул жолугушууга катышкан дагы бир Эсептөө палатасынын аудитору Алимжан Байгазаков

Иш сапары менен алыста жүргөн Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов балдарга жылуу сөздөрү менен кайрылып, “Силерде чоң күч бар, силер келечекте чыйрак, кыйынчылыктарга туруштук берген күчтүү инсан болоруңарга ишенебиз жана бул дүйнөдө өз ордуңарды табууңарды тилейбиз”, - деди.

Борбордун директору Мукарам Атамырзаева билдиргенине караганда бул мекемеде үч жаштан он сегиз жашка чейинки отуздан ашык балдар тарбияланып келет. Алар көбүнчө кырсыкка, ооруга чалдыккан ата-энелеринен ажырап калгандар. Бирок арасында жоопкерчиликти сезбеген тирүүлөй ата-энелердин “жетимдери” да бар. “Өз ата-энелеринен, туугандарынан запкы жеген, зордук-зомбулуктарды башынан өткөргөн балдарга мээримин төгүп иштеген мугалимдер, тарбиячылар, социалдык кызматкерлер, психологдор бүгункү күндөрдо эрдик көрсөтүп жатышат”, - деди ал.

Өз кезегинде Эсептөө палатасынын Кесиптик кошумунун төрагасы Руслан Абдыкалыков бүгүн жолугушуу болуп жаткан мекеме менен Эсептөө палатасынын эмгек жамааты дайым тыгыз байланышта экенин айтты. “Мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттар кээ бир муктаждыктарды жаба албайт. Андыктан досторубуз жыл сайын бизге керектүү буюмдардын тизмесин жөнөтүп турат. Эсептөө палатасынын кесиптик кошумунун мүчөлөрү өз каражаттарынын эсебинен былтыр телевизорлорду, кондиционерди, китептерди, кеңсе товарларын алып келип берсе, быйыл сканер, ксерокс, принтерди катмыган техника, ноутбук, балдардын уйкусун таза, алмаштырып колдонуусун камсыздаган 70 шейшептердин комлектисин, көркөм окуу китептерин жана башка керектүү окуу куралдарын алып берди”, - деди.

“Биздин балдардын жүзүнө кубаныч жана жылмаюу тартуулаган көңүл бурууңуздар аларга эле эмес тарбиячыларга чоң дем-күч берет. Сиздердин колдооңуздар биз үчүн өтө маанилүү. Балдардын жашоосуна үмүт жана зор кубаныч тартуулаган кең пейилдигиңиздер жана боорукердигиңиздер үчүн ыраазыбыз. Ушул сонун балдар үчүн дүйнөнү жакшыртууну каалаганыңыздар үчүн рахмат. Алардын жашоосунун калыптанышына кошкон салымыңыздарды абдан баалайбыз”, — деди Мукарам Атамырзаева келгендерге алкыш барагын тапшырып жатып.