Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы КЭРдин улуттук аудитордук кеңсеси менен кызматташууну бекемдейт
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында башкы аудитордун орун басары Хао Шучен жетектеген Кытай Эл Республикасынын Улуттук аудитордук кеңсесинин делегациясы менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда 1992-жылы дипломатиялык мамилелер орнотулгандан бери бекемделип келе жаткан достук жана ишенимдүү мамилелер белгиленди. Бул саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Кытай Кыргызстандын башкы соода жана инвестициялык өнөктөшү болуп саналат жана азыркы учурда тараптар Кыргызстан үчүн социалдык-экономикалык мааниси бар бир катар биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууда.
Билим берүү, гуманитардык өз ара аракеттенүү жана аудит жаатындагы аракеттер дагы кызматташуунун негизги багыты болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Кытай Эл Республикасынын Улуттук Аудит кеңсесине Нанкин аудит университетинин магистратура программасы боюнча өз адистерин окутуу жана потенциалын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн бергендиги үчүн ыраазычылык билдирет.
Эки тарап өз ара колдоонун жана эл аралык аудитордук жамааттардын алкагында макулдашылган аракеттердин негизинде алардын кызматташтыгы улана берерине ишеним билдиришти.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Кытай Эл Республикасынын Улуттук аудитордук кеңсеси менен мамлекеттик аудит чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана алардын кызматташтыгы жакынкы жылдары өнүгүп, жаңы деңгээлге көтөрүлө тургандыгына ишенимин билдирет. Буга Кытай тараптын чакыруусу түрткү болушу керек.