Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы өзүнүн методологиялык базасын өркүндөтүүнүн үстүндө жигердүү иштерди улантууда
Үстүбүздөгү жылдын 27-майынан 31-майына чейин Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы, Польшанын Жогорку аудит органы жана ИНТОСАИ өнүктүрүү демилгесинин ортосундагы үч тараптуу макулдашуунун алкагында Польшанын Жогорку аудит органынын вице-президенти Пиотр Миклис мырза жетектеген поляк эксперттеринин тобунун катышуусу менен бир катар биргелешкен отурумдар болуп өттү.
Жемиштүү иштин жүрүшүндө Эсептөө палатасынын ишмердүүлүгүндө колдонулган методологиялык инструменттерге карата поляк кесиптештеринин комментарийлери жана сунуштары каралды. Окутуу, пилоттук аудиттерди өткөрүү жана эл аралык стандарттарды киргизүү маселелерин эске алуу менен, мындан аркы кызматташуу боюнча конкреттүү кадамдар аныкталды.
Бул аракеттер Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы өзүнүн ишин дайыма өркүндөтүүгө жана аудитордук ишке эл аралык практикаларды киргизүүгө умтулуп жатканын тастыктайт. Бул кызматташуу иштин сапатын кыйла жакшыртууга жана кесипкөйлүктүн эң жогорку стандарттарына жооп берүүгө көмөк көрсөтмөкчү.