Эсептөө палатасынын төрагасы А.Ш. Акматов КР финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү менен куттуктады
Урматтуу кесиптештер, достор, замандаштар!
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жана жеке өзүмдүн атымдан финансы-экономикалык чөйрөсүнүн бардык кызматкерлерин жыл сайын 7-июнда белгиленип турчу кесиптик майрамы менен куттуктайм!
Бул күн каржы жана экономика менен алектенгендер үчүн өзгөчө күн. Сиздердин эмгегиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр каржы тармагында туруктуулукту жана прогрессти камсыз кылуу менен биздин сүйүктүү өлкөбүздүн өнүгүшүндө негизги ролду ойнойт. Чыныгы адистердин эмгеги мамлекетибиздин экономикалык бакубаттуулугу үчүн баа жеткис.
Финансылык жана экономикалык мамлекеттик түзүлүштөрдө, ишканаларда, бухгалтердик жана аудитордук компанияларда, финансылык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иштегендердин бардыгын, ошондой эле бул жааттагы болочок адистерди окутуп жана тарбиялап жаткан бардык финансылык аналитиктерди жана мугалимдерди да куттуктайм.
Сиздерге чексиз илхам, ийгилик, бакубатчылык жана жаңы жетишкендиктерди каалайм! Кесиптик жолуңуздар жаркын жана кызыктуу болуп, күн сайын ийгиликтүү аткарылган тапшырмадан кубаныч гана алып туруңуздар.
Майрамыңыздар менен!
Урматтоо менен,
КР Эсептөө палатасынын төрагасы А.Ш. Акматов