Эсептөө палатасынын төрөгасы Алмазбек Акматов Курмант айт майрамы менен кыргызстандыктарды куттуктады
Урматтуу мекендештер!
Кадырлуу мусулмандар!
Сиздерди Эсептөө палатасынын эмгек жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан Ыйык Курман айт майрамыңыздар менен куттуктайм!
Эзелтен Курман айт майрамы адамзатын сабырдуулукка жана ыймандуулукка чакырган, айкөлдүктүн баалуулуктарын камтыган ыйык майрам болуп саналат. Бул майрам адам баласын бири-бирине кайрымдуу жана мээримдүү болушуна үндөп келет. Учурда жер-жерлерде курмандык чалынып, кайрымдуулук, соопчулук иштери жасалууда. Ылайым Алла-таала баарыңыздардын ак ниетиңиздерди жана тилектериңиздерди кабыл кылсын!
Урматтуу мусулман мекендештер,
Жараткан Кыргызстан элине тынчтык жана ынтымак берсин, мамлекетибиз кубаттуу жана туруктуу болуп, ар дайым өнүгүп-өсүү жолунда болсун. Эли-жерибизден ырыскы-кут кетпесин! Курман айт майрамыңыздар маарек болсун!
Сиздерди урматтоо менен,
Эсептөө палатасынын төрагасы
Алмазбек Акматов