Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Чүй областынын Аламүдүн районунда жүргүзүлгөн аудиттерде – 56 450,3 миң сом финансылык бузуулар аныкталды

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2023-жылга карата аудитордук иш планына ылайык, 2022-жылга карата мезгил аралыгындагы Чүй областынын Аламүдүн районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, муниципалдык ишканалардын ишине жана республикалык бюджеттеги айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына шайкештик аудиттер жүргүзүлгөн.

Чүй областынын Аламүдүн районунда жүргүзүлгөн аудиттерде – 56 450,3 миң сом финансылык бузуулар аныкталган, анын ичинен:

  • бюджеттик мыйзамдын талаптарына бюджет долбоорунун киреше бөлүгүнүн туура келбеши –  5 594,9 миң сом;
  • бюджетке мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү тескөөдөн, мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү пайдалануудан алынган каражаттарды, ошондой эле акы төлөнүүчү мамлекеттик (муниципалдык) кызмат көрсөтүүлөрдөн алынган кирешелерди которбоо (өз убагында же толук эмес которуу) – 164,7 миң сом;
  • бюджеттин кирешесине мажбурлап өндүрүлүүчү суммалардын (айып пулдары, конфискацияларды ж. б.), ошондой эле тиешелүү бюджеттин кирешесине каражаттарды калыбына келтирүүдөн (ордун толтуруудан) алынган суммаларды которбоо (өз убагында эмес же толук эмес которуу) – 174,8 миң сом;
  • бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү) – 218,8 миң сом;
  • кайтаруу негизинде алынган бюджеттик каражаттардын кайтарылбашы  же өз учурунда кайтарылбашы, кайтаруу негизинде берилген бюджеттик каражаттарды (бюджеттик ссудаларды же насыяны) пайдалангандыгы үчүн кошуп эсептелген пайыздардын чегерилбеши же өз учурунда чегерилбеши  – 443,4 миң сом;
  • бюджеттик смета менен каралбаган чыгымдарды төлөө боюнча бюджеттик каражаттарды пайдалануу – 628,5 миң сом;
  • башка булактардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлө турган чыгымдарды төлөө боюнча бюджеттик каражаттарды пайдалануу – 6244,6 миң сом;
  • аларды алуу үчүн укуктук негизгиге ээ эмес адамдарга жөлөкпулдарды, компенсацияларды, субсидияларди, субвенцияларди жана башка акчалай төлөмдөрдү төлөө – 25,0 миң сом;
  • бөлүү шарттары менен каралбаган максаттарга резервдик фонддун каражаттарын пайдалануу – 50,0 миң сом;
  • бирдиктүү казыналык эсептен кыйып өтүү менен  каражаттарды пайдалануу – 80,0 миң сом;
  • курулуш-монтаждоо иштеринин наркын же көлөмдөрүнүн жогорулатылышы – 6397,6 миң сом;
  • эмгек акылар, жөлөкпулдар, компенсациялар жана кызматкерлердин эмгегине төлөө жана акчалай түрдөгү жана башка төлөмдөр боюнча ченемден ашык чыгымдар – 8884,5 миң сом;
  • ТМБ жана башка чыгымдар боюнча ченемден ашык чыгымдар – 1752,3 миң сом;
  • ТМБ нормативден ашыкча запастары жана эсептөөлөрдөгү каражаттар – 1537,9 миң сом;
  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин аткаруудагы башка бузуулар жана кемчиликтер – 325,6 миң сом;
  • негизги каражаттарды кириштөө тартибин бузуу, негизги каражаттардын эскиришин жана материалдык эмес активдерди эсептөөдөгү бузуулар. Белгиленген тартипте эсепке алынбаган, кириштелбеген мамлекеттик (муниципалдык) мүлктүн болушу – 414,3 миң сом;
  • мамлекеттик (муниципалдык) мүлктүн жана мамлекеттик акча каражаттарынын кем чыгышы (бузулушу, жоголушу, уурдалышы) – 337,0 миң сом;
  • бухгалтердик эсепти жүргүзүү тартибин бузуу менен, отчет берүүгө авансаларды берүү – 2086,9 миң сом; 
  • дебитордук карызды эсепке алуу боюнча бузуулар  – 2636,4 миң сом;
  • эсеп жүргүзүү тартибинин жана отчеттуулуктун башка бузуулары – 2628,4 миң сом;
  • мыйзамдардын талаптарына ылайык, конкурс өткөрүлбөстөн, сатып алуулар (товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) – 15513,7 миң сом;
  • мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү жана башка бузуулар – 311,0 миң сом.

Бардык аудит жүргүзүлгөн мекемелерге жана уюмдарга аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн жазма буйруктар жөнөтүлдү.