Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КРнын Эсептөө палатасы Астанадагы ЭКОСАИ Башкармалыгынын Кеңешинин 28-отурумуна катышты

Аудитор Пардаали Батиров жетектеген Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын делегациясы Экономикалык кызматташуу өлкөлөрүнүн аудиттин жогорку органдарынын уюмунун (ЭКОСАИ) Башкаруу кеңешинин 28-чи отурумуна катышты, ал 2024-жылдын 11-сентябрында Казакстандын борбору Астанада өттү.

Жыйынга ошондой эле Иран, Пакистан, Түркия жана Казакстандын жогорку аудит органдарынын өкүлдөрү катышты. Анда уюштуруучу Казакстан тарап болду. Жолугушуунун катышуучулары мындан аркы кызматташуунун жана мамлекеттик аудит жаатындагы мыкты тажрыйбалар менен алмашуунун негизги маселелерин талкуулашты, алар министрликтер менен ведомстволордогу маалыматтык технологиялар аудитине басым жасашты.

Күн тартибине ылайык, отурумдун катышуучулары Пакистандын Жогорку аудит органы тарабынан берилген ЭКОСАИ Башкы катчысынын ишмердүүлүгү жөнүндө отчет менен таанышышты. Отчетто уюмдун өткөн мезгилдеги жетишкендиктери жана келечектеги пландары жөнүндө маалыматтар камтылган.

Мындан тышкары, негизги отурумдун аянтчасында ЭКОСАИ окутуу боюнча Комитеттин 23-отуруму болуп өттү. Бул комитеттин алкагында катышуучулар үчүн өз ара кызыкчылык туудурган темалар боюнча тренингдерди жана семинарларды уюштуруу маселелери талкууланды.

Бул жолугушуу катышуучу өлкөлөрдүн мамлекеттик аудиторлорунун ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана мамлекеттик ресурстарды натыйжалуу башкарууну жана пайдаланууну көзөмөлдөө жаатында тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү платформа болуп калды.

Маалымат үчүн: Маалымат үчүн: Экономикалык кызматташуу өлкөлөрүнүн аудиттин жогорку органдарынын уюмунун (ЭКОСАИ/ECOSAI) Башкаруу кеңешинин түштүк жана Борбордук Азиянын региондорунун аудитинин жогорку органдарынын региондук форуму болуп саналат. ЭКОСАИ 1994-жылы негизделген, идея, тажрыйба алмашуу жана семинарларды, конференцияларды жана окуу курстарын өткөрүү аркылуу мүчө өлкөлөрдө мамлекеттик аудитордук кесипти илгерилетүүгө багытталган.