Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КР Эсептөө палатасындагы ачык эшик: "айкындуулук үчүн кызматташуу"семинары

КР Эсептөө палатасы КР Президентинин басма сөз кызматынын колдоосу менен "ачык эшик"демилгесинин алкагында мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтарынын жетекчилери жана кызматкерлери, ошондой эле  басма сөз катчылары үчүн эки күндүк семинар өткөрдү. Семинардын темасы мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө багытталган "Айкындуулук үчүн кызматташуу" болду.

Акыл калчаштыруу форматындагы семинардын катышуучулары төмөнкү негизги темаларды талкуулашты:

-- Коомдук кызыкчылыкка багытталган социалдык медиа компанияларды жөнгө салуу;

- Коммуникациялардагы санариптик трансформация, актуалдуу тренддерди жана инструменттерди талкуулоо;

- Коммуникациядагы Этика: маалыматты жөнгө салуу жана дезинформацияга каршы күрөшүү.

Бул семинар мамлекеттик түзүмдөрдүн басма сөз кызматтарынын ортосунда тажрыйба жана билим алмашуу үчүн платформаны бекемдөөгө багытталган. "Биз ачык - айкындуулук жана отчеттуулук жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөгө, ошондой эле мамлекеттик органдар менен жарандардын ортосундагы коммуникациялардын сапатын жакшыртууга умтулабыз", - деди КР Эсептөө палатасынын аппарат жетекчиси Болот Эстебесов.

"Пресс-кызматтардын биргелешкен аракети жарандардын мамлекеттик органдарга болгон ишенимин арттырып, ачык-айкын башкарууга өбөлгө түзөт деп ишенебиз. Ошондуктан семинарда биз КР Эсептөө палатасынын ишмердүүлүгү менен тааныштырдык жана кызматташуунун жаңы ыкмаларын издей баштадык, - деп жыйынтыктады натыйжалуулук аудитин жүргүзүү боюнча бөлүмдүн башчысы Руслан Абдыкалыков.

"Басма сөз кызматынын кызматкерлери көйгөйлүү маселелерди талкуулап, жаңы инструменттер менен таанышып, тажрыйба жана мыкты практикалар менен бөлүшө ала турган өзүнүн корпоративдик аянтчасын уюштуруу зарылдыгы курч болчу. Биз өткөн кылымдын 90-жылдарынын аягында басма сөз кызматтар институтунун түптөлүшүнүн башында турдук. Ошондуктан кесиптештерибизди ачыктык жана айкындуулук принциптеринде колдоо маанилүү деп эсептейбиз. Кесиптешим Авланбек Жумабаев менен биз көптөгөн программалар менен долбоорлордун эшигин каккыладык.  Кийин Медиа Полиси Институттун колдоосу менен  төрт жылдын ичинде көп нерсеге жетишти. Бирок азыр өзүбүздүн аянтчабызды өзүбүз колдошубуз керек. Биз Эсептөө палатасына жана Президенттин басма сөз кызматына агартуучулук мүнөздөгү бул иш-чараны уюштургандыгы үчүн абдан ыраазыбыз", - деди медиа-эксперт Елена Баялинова.

Окутуу семинарына  мамлекеттик органдардын  50дөн ашык басма кызматтарынын өкүлдөрү жана басма сөз катчылары катышты.