Баткен шаарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгында 8518,7 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталды
< p>Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн 2024-жылга карата аудитордук иш планына ылайык, Баткен шаарынын 2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына, бюджеттик жана атайын каражаттарынын пайдаланылышына, муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө шайкештик аудити жүргүзүлгөн.
Аудитке Баткен шаардык мэриясы, Баткен шаардык Кеңеши, Баткен шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктеги департаменти, Баткен шаарындагы “Нур” балдарды калыбына келтирүү борбору, “Баткен-Тазалык” муниципалдык ишканасы, Баткен шаардык “Өрүкзар” коомдук-саясий газетасынын редакциясы, Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы «Таза Суу» жана “Баткен-Автобаза” муниципалдык ишканалары камтылды.
Баткен шаарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгында жалпысынан 8518,7 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталды.
- бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы, толуктугу жана өз учурунда төлөнүшүндөгү бузуулар 84,6 миң сом;
- муниципалдык кызмат көрсөтүүдөгү бузуулар 1126,4 миң сом;
- курулуш-куроо (монтаждоо) иштеринин наркын же көлөмүн жогорулатуу 94,4 миң сом;
- кызматкерлердин эмгегине төлөө жана акчалай түрдөгү башка төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар 394,9 миң сом;
- бюджетке ижара акысын өз учурунда чегерүүнү камсыздоо боюнча контролдоонун жана чараларды көрүүнүн жоктугу 763,3 миң сом;
- эмгек акы, сапар чыгымы жана башка чыгымдарга төлөөдөгү бузуулар 21,1 миң сом;
- бухгалтердик эсепте, негизги каражаттарды эсепке алуу тартиби боюнча мыйзамдардын талаптарын сактабоо 5615,5 миң сом;
- дебитордук карыздарды эсепке алуудагы бузуулар 418,5 миң сом.
Аудиттин жыйынтыгы менен:
- тиешелүү чараларды көрүү үчүн Сүлүктү шаарынын мэрине, шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык ишканалардын жетекчилерине сунуштамалар жана жазма буйруктар;
- жалпылоо отчеттун жана жана жазма буйруктун көчүрмөлөрү шаардык Кеңештин сессиясында кароо үчүн Баткен шаардык Кеңештин төрагасына жөнөтүлдү.
Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинде жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгында, Европалык Өнүктүрүү Банкы тарабынан Баткен шаарынын Келечек жана Кызыл-Дөн кварталдарына 2000 кожолукту таза-суу менен камсыз кылууга бөлүнгөн 5000000,0 еврону максаттуу пайдалануусуна, долбоорду аткарууда табыштамачынын, подрядчынын жана башка жооптуу тараптардын ишине (ишмердүүлдүгүнө) укуктук баа берүү үчүн 19.04.2024-жылдагы №01-13/144 каттын негизинде аудиттин материалдары КР Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Баткен областы боюнча башкармалыгына жиберилди.