Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Билим берүү жана илим министрлигинде 414 547,4  миң сомдук каржы бузуулар аныкталды

2022-жылга карата КР Билим берүү жана илим минитсрлигинде жана анын ведомстволук уюмдарында бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй бузуулар аныкталган:

Бардык каржы бузуулардын аныкталган суммасы – 414 547,4 миң сомду түздү, калыбына келтирүүгө тийиш – 154 180,0 миң сом; калыбына келтирилди – 78 200,1 сом. Анын ичинен:

1.     Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджетинин долбоорун түзүүдө жана кароодо жол берилген бузуулар – 10 314,4 миң сом; Калыбына келтирүүгө тийиш - 422,8 сом.

2.     Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер – 150 478,2 миң сом; Калыбына келтирүүгө тийиш – 41 626,7 миң сом; Калыбына келтирилди - 425,1 миң сом.

3.     Мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер – 123 839,4 миң сом; Калыбына келтирүүгө тийиш - 87 255,2 мин сом; Калыбына келтирилди - 72 842,3 миң сом.

4.     Эсептин жана отчеттуулук тартибин бузуулар – 89 191,1 миң сом; Калыбына келтирүүгө тийиш – 24 539,0 мин сом; Калыбына келтирилди – 4 932,7 миң сом.

5.     Мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын бузуулар – 39 053,6 миң сом; Калыбына келтирүүгө тийиш – 336,3 мин сом.

6.     Коллизиялар жана ченемдик укуктук актыларды жана эл аралык келишимдерди процедуралык бузуулар - 1 670,8 сом.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча тиешелүү жазма буйруктар жана сунуштамалар жөнөтүлдү.