Жайыл районунда жүргүзүлгөн аудиттерде 23 177,2 миң сом каржы бузуулар аныкталган
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2024-жылга карата аудитордук иш планына ылайык, 2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы Чүй областынын Жайыл районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, муниципалдык ишканаларынын ишине жана республикалык бюджеттеги айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына шайкештик аудиттер жүргүзүлдү, алар: Жайыл райондук мамлекеттик администрациясы, Жайыл районунун Өнүктүрүү фонду, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жайыл финансы башкармалыгы, 12 айыл өкмөттөрү жана 9 муниципалдык ишканалар.
Чүй областынын Жайыл районунда жүргүзүлгөн аудиттерде 23 177,2 миң сом каржы бузуулар аныкталган, анын ичинен:
- Бюджеттик мыйзамдын талаптарына бюджет долбоорунун киреше бөлүгүнүн туура келбеши – 8764,1 миң сом;
- Бюджеттин кирешесине мажбурлап өндүрүлүүчү суммалардын (айып пулдары, конфискацияларды ж. б.), ошондой эле тиешелүү бюджеттин кирешесине каражаттарды калыбына келтирүүдөн (ордун толтуруудан) алынган суммаларды которбоо (өз убагында эмес же толук эмес которуу) – 54,7 миң сом;
- Бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү) – 344,8 миң сом;
- Кайтарылма негизде алынган бюджеттик каражаттардын кайтарылбагандыгы же өз убагында кайтарылбагандыгы, кайтарылма негизде берилген бюджеттик каражаттарды (бюджеттик ссуданы же кредитти) пайдалангандыгы үчүн эсептелген пайыздардын чегерилбегендиги же өз убагында которулбагандыгы – 150,0 миң сом;
- Башка булактардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлө турган чыгымдарды төлөө боюнча бюджеттик каражаттарды пайдалануу – 32,4 миң сом;
- Курулуш-монтаждоо иштеринин наркын же көлөмдөрүнүн жогорулатылышы – 584,7 миң сом;
- Кызматкерлердин эмгек акы төлөөлөр жана башка акчалай төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар – 1019,0 миң сом;
- ТМБ жана башка чыгымдар боюнча ченемден ашык чыгымдар – 201,2 миң сом;
- ТМБ нормативден ашыкча запастары жана эсептөөлөрдөгү каражаттар – 1173,5 миң сом;
- Негизги каражаттарды кириштөө тартибин бузуу, негизги каражаттардын эскиришин жана материалдык эмес активдерди эсептөөдөгү бузуулар. Белгиленген тартипте эсепке алынбаган, кириштелбеген мамлекеттик (муниципалдык) мүлктүн болушу – 203,0 миң сом;
- Тастыктоочу документтерсиз товардык-материалдык баалуулуктардын жана мүлктүн эсептен чыгарылышы – 3,7 миң сом (аудиттин жүрүшүндө толугу менен калыбына келтирилген);
- Эмгек акыны, командировкалык чыгымдарды, жөлөкпулдарды, компенсацияларды жана башка төлөмдөр менен байланышкан бузуулар – 2006,2 миң сом;
- Дебитордук карызды эсепке алуу боюнча бузуулар – 2162,9 миң сом (аудиттин жүрүшүндө 1825,0 миң сом калыбына келтирилген);
- Эсеп жүргүзүү тартибинин жана отчеттуулуктун башка бузуулары – 1603,8 миң сом (аудиттин жүрүшүндө 104,7 миң сом калыбына келтирилген);
- Мыйзамдардын талаптарына ылайык, конкурс өткөрүлбөстөн, сатып алуулар (товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) – 4873,2 миң сом.
Мындан тышкары, 14 (он төрт) башка жол-жоболук бузуулар жана 1 (бир) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү башка бузуулар аныкталган.
Аудиттердин материалдары 2024-жылдын 21-октябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн Коллегиясында каралып, бардык аудит жүргүзүлгөн мекемелерге жана уюмдарга аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн жазма буйруктар жөнөтүлдү.