Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Токтогул районуна жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгында 3120,3 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн 2024-жылга карата аудитордук иш планына ылайык, Токтогул районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 2022-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы, ал эми реформа жүргүзүлгөн административдик аймактарда 2024-жылдын 1-апрелине карата мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына, муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө шайкештик аудити жүргүзүлгөн.

Токтогул районуна жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгында 3120,3 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталды.

Бузуулардын классификатору боюнча:

  • Бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы, толуктугу жана өз учурунда төлөнүшүндөгү бузуулар (бюджетке жана СФ кошумча эсептөөлөр) 399,7 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, андан 210,0 миң сом бюджетке ордуна коюлду;
  • Курулуш-куроо (монтаждоо) иштеринин наркын же көлөмүн жогорулатуу 39,2 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, ордуна коюлган жок;
  • Кызматкерлердин эмгегине төлөө жана акчалай түрдөгү башка төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар 928,8 миң сом, ордуна коюлууга жатпайт;
  • Товардык-материалдык баалуулуктар жана башка чыгымдар боюнча ченемден ашыкча чыгымдар 280,0 миң сом, ордуна коюлууга тийиш сумма 94,2 миң сом, ордуна коюлган жок;
  • Мамлекеттик (муниципалдык) мүлктүн жана мамлекеттик акча каражатынын кем чыгышы (бузулушу, жоголушу, уурдалышы) 16,2 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, мекемеге толук ордуна коюлду;
  • Тастыктоочу документтери жок туруп, мүлктү жана товардык материалдык баалуулуктарды эсептен чыгаруу жана мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү мыйзамга ылайыксыз эсептен чыгаруу 130,9 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, мекемеге толук ордуна коюлду;
  • Бюджетке ижара акысын өз учурунда чегерүүнү камсыздоо боюнча контролдоонун жана чараларды көрүүнүн жоктугу 918,8 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, бюджетке толук ордуна коюлду;
  • Эмгек акы, сапар чыгымы жана башка чыгымдарга төлөөдөгү бузуулар 4,5 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, бюджетке толук ордуна коюлду;
  • Бухгалтердик эсепте негизги каражаттарды эсепке алуу тартиби боюнча мыйзамдардын талаптарын сактабоо 402,2 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, мекемеге толук ордуна коюлду.

Аудиттин жыйынтыгы менен:

- тиешелүү чараларды көрүү үчүн Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысына, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Токтогул финансы башкармалыгынын башчысына, айыл өкмөттөрдүн жана мунуципалдык ишканаларынын башчыларына, шаарынын мэрине жана шаардык мэрияга караштуу муниципалдык ишканалардын башчыларына сунуштама жана жазмабуйрук жиберилди;

- жергиликтүү Кеңештердин сессиясында кароо үчүн отчеттун, сунуштаманын жана жазмабуйруктун көчүрмөлөрү шаардык жана айылдык Кеңештердин төрагаларына жиберилди.

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө аудиттин жыйынтыгы боюнча маалымат жиберилди.