КР Эсептөө палатасы эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунда каржы бузууларды аныктады
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитордук иш планынын негизинде Кыргызстан профсоюздар федерациясында Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун каражаттарын максаттуу пайдалануу боюнча 2021-жылдын 5-августунан 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилге шайкештик аудити жүргүзүлгөн. Шайкештик аудитинин алкагында натыйжалуулук аудитинин элементтери колдонулуп, жалпы 21 615,0 миң сомго каржылык мыйзам бузуулар аныкталды.
Аудит учурунда бөлүнгөн каражаттардын максаттуу багытта колдонулушу жана аларды пайдалануунун белгиленген тартибин сактоо текшерилди. Эсептөө палатасынын кеңеши тарабынан аныкталган мыйзам бузууларды тастыктаган отчет каралып, бекитилди.
Аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргызстан профсоюздар федерациясына аныкталган кемчиликтерди жана каржылык мыйзам бузууларды жоюу боюнча жазуу жүзүндө көрсөтмө берилди.