КР Эсептөө палатасынын кеңеши өзүнүн кезектеги жыйынын өткөрдү
Бүгүн, 2024-жылдын 20-ноябрында, КР Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Анда бир катар мамлекеттик мекемелер менен уюмдардын бюджеттерин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттеринин жыйынтыгы боюнча отчеттор каралды.
Аудитор Алимжан Байгазаков КР Пакистан Ислам Республикасындагы жана Афганистан Ислам Республикасындагы элчиликтеринде 2022-жылдын башынан 2023-жылдын аягына чейинки мезгил аралыгында бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттер боюнча эки отчетту сунуштады.
Ошондой эле, аудитор Пардаали Батиров Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын жана анын филиалдарынын 2023-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 1-июлуна чейинки мезгил аралыгында бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча отчетун сунуштады.
Жыйындын жүрүшүндө финансылык мыйзам бузуулар, бюджеттик каражаттарды башкаруудагы кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштамалар талкууланды.
Каралган ар бир отчет боюнча мамлекеттик ресурстарды пайдалануунун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Аудиттердин жыйынтыктары мындан аркы чараларды көрүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт.