"Кыргызжылуулукэнерго" МИнын ишине жүргүзүлгөн аудитинин жыйынтыгында 356 579,7 миң сом каржы бузуулар аныкталды
КР Эсептөө палатасы 2023-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 1-июлуна чейинки мезгил аралыгына КР Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызжылуулукэнерго" Мамлекеттик ишканасынын бюджетти аткаруу боюнча шайкештик аудитин жүргүздү.
"Кыргызжылуулукэнерго" МИнын ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыгында, 356 млн 579,7 миң сом каржылык тартип бузуулар аныкталды.
Бузуулардын классификатору боюнча:
- бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы, толуктугу жана өз учурунда төлөнүшү боюнча, алар боюнча туумдарды жана айып пулдарды эсептөө жана төлөө боюнча контролду жүргүзүү боюнча чаралардын көрүлбөшү – 1 129,9 миң сом;
- бюджеттик мыйзамдардын талаптарына бюджеттик долбоордун чыгымдар бөлүгүнүн туура келбеши – 301 552,3 мин сом;
- бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү) – 586,5 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, аудит учурунда 462,4 миң сом ордуна коюлду;
- капиталдык салымдарга каражаттарды пайдаланууда жана курулуш иштерин аткаруудагы жана башка бузуулар – 264,5 миң сом;
- ТМБ жана башка чыгымдар боюнча ченемден ашык чыгымдар – 20,6 миң сом.
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы бюджеттин аткарышындагы башка бузуулар жана кемчилдиктер (акы төлөп кызмат көрсөтүүдө, аткарылбаган ишке негизсиз акы алуу – 2 318,1 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш;
- товардык материалдык баалуулуктарды жана мүлктү тастыктоочу документсиз чыгыштоо – 161,4 миң сом, 45,2 миң сом ордуна коюлууга тийиш, аудит учурунда мекемеге 16,9 миң сом калыбына келтирилди;
- эмгек акы, сапар чыгымдары, жөлөк пулдар, компенсация жана башка төлөмдөрдү төлөөдөгү бузуулар – 37 733,2 миң сом, 1 258,0 миң сом ордуна коюлууга тийиш, аудит учурунда 1160,2 мин сом ордуна коюлду;
- мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү жана башка бузуулар – 12 813,2 миң сом.
Отчет КР Эсептөө палатасынын Кеңешинин жыйынында бекитилди, анын жыйынтыктары тиешелүү мамлекеттик органдарга жиберилет.