GSAI Кыргызстан долбоорунун Башкаруу комитетинин экинчи жыйыны болуп өттү: кызматташтыкты чыңдоонун келечеги
2024-жылдын 21-ноябрында Бишкекте GSAI Кыргызстан долбоорунун Башкаруу комитетинин экинчи жыйыны болуп өттү. Үч тараптуу келишимдин алкагында ишке ашырылып жаткан бул долбоор улуттук аудит системаларын өнүктүрүүгө, ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту чыңдоого багытталган. Жылына эки жолу чогулган Башкаруу комитети өнөктөштөрдүн күч-аракеттерин координациялоодо жана стратегиялык чечимдерди кабыл алууда негизги платформа болуп саналат.
Жыйынды КР Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов өнөктөштөргө ыраазычылык билдирүү менен ачты:
«Бул жолугушууну быйылкы жыл ичинде Польшанын Жогорку аудит органынын эксперттери менен жүргүзүлгөн жемиштүү кызматташтыгыбыз үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирүү менен баштагым келет. Биз жыл ичинде пландалган иш-чаралардын дээрлик бардыгын ишке ашырууга жетиштик».
Жыйын эл аралык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүү этабы болуп калды. Ага Польшанын Жогорку аудит органынын Президенти Мариан Банаш мырза баштаган делегациясы, ошондой эле КР Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов, аудит кызматкерлери катышты. Польша тараптан өкүлдөрдүн катышуусу Кыргызстанды мамлекеттик аудит системасын өркүндөтүүгө жана мамлекеттик финансы башкаруусун колдоого умтулуусун айигинелейт.
Мындан тышкары, жыйынга онлайн-форматта ИНТОСАИнин Өнүктүрүү демилгеси (IDI) командасы байланышка кошулду. Аудит чөйрөсүндөгү алдыңкы эл аралык уюмдардын бири менен болгон бул кызматташтык кыргыз аудит кызматкерлеринин кесиптик дараметин бекемдөөгө жана дүйнөлүк мыкты практикаларды киргизүүгө чоң салым кошот.
Жыйында долбоордун 2025-жылга карата максаттарын ийгиликтүү ишке ашырууга багытталган кошумча демилгелер сунушталды. Алардын ичинде:
-ар кандай аудит түрлөрү боюнча методикалык колдонмолорду жана иш кагаздарын даярдоо жана бекитүү;
-2025-жылдын январында пилоттук аудиттерди методикалык жактан колдоо үчүн польшалык эксперттердин кошумча миссиясын өткөрүү;
-2025-жылдын май-июнь айларында Эсептөө палатасынын кызматкерлерин жаңыланган методикалык колдонмолорду жана иш кагаздарын колдонууга үйрөтүү.
Ошондой эле, жыйында аудитордук процесстерди санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурулду. pICTure программасынын алкагында, Эсептөө палатасынын жаңы IT стратегиясын ишке ашыруу үчүн пилоттук IT-аудит жүргүзүлөт. Бул ишке польшалык кесиптештер методикалык колдоо көрсөтөт.
2025-жылы Эсептөө палатасынын ишмердүүлүгү тууралуу Жогорку Кеңешке, укук коргоо органдарына жана башка кызыкдар тараптарга маалымат берүү максатында иш-чараларды уюштуруу пландалууда.
Польшанын Жогорку аудит органынын Президенти Мариан Банаш мырза төмөнкүлөрдү белгиледи: «Биз Кыргыз Республикасы менен кызматташтыктан чоң потенциалды көрүп жатабыз. Мамлекеттик аудит тармагындагы биргелешкен аракеттер кесиптик компетенцияларды өнүктүрүүгө гана эмес, жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин бекемдөөгө да өбөлгө түзөт».
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов өз сөзүндө төмөнкүдөй белгиледи:
«Биз негизги маселелерди талкууладык, маанилүү чечимдерди кабыл алдык жана кийинки кадамдарды аныктадык. Мындай жолугушуулар кызматташуубуздун натыйжалуу болушуна өбөлгө түзөт».
GSAI Кыргызстан долбоору мамлекеттик финансы башкаруусунда ачык-айкындуулукту, натыйжалуулукту жана отчеттуулукту жогорулатууга багытталган эл аралык кызматташуу платформасы катары өзүнүн маанилүү ролун бекемдөөнү улантууда. Башкаруучу комитеттин кийинки жыйыны 2025-жылдын апрель айына пландалган, анда иштин жыйынтыктары чыгарылып, жаңы максаттар аныкталат.