Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Жалал-Абад областынын Кара-Көл шаарынын 2022-2023-жылдар аралыгындагы бюджетине аудит жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмү Жалал-Абад областынын Кара-Көл шаарынын 2022-2023-жылдар аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлдү.

Аудитке, Кара-Көл шаардык мэриясы, КРнын Финансы министрлигинин Кара-Көл финансы башкармалыгы, Кара-Көл шаардык Кеңеши, шаардык мериясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгы, дене-тарбия жана спорт бөлүмү, шаардык маданият үйү, “Кетмен-Төбө” жана “Жазы-Кечүү” аймактык башкармалыктары, “КараКөл нуру” гезитинин редакциясы жана “Кайыңды” балдардын эс алуу борбору камтылды.

Кара-Көл шаарынын 2022-2023-жылдар аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпысынан 9210,5 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталды.

 Бузуулардын классификатору боюнча:

  • Бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү чегербөө же толук эмес чегерүү 812,2 миң сом;
  • Курулуш-куроо (монтаждоо) иштеринин наркына жана көлөмүнө кошуп жазуулар 430,4 миң сом;
  • Кызматкерлердин эмгек акысына жана башка накталай төлөөлөргө ченемден ашыкча чыгымдар 7729,9 миң сом;
  • Товардык-материалдык баалуулуктар жана башка накталай төлөөлөргө ченемден ашыкча чыгымдар 12,8 миң сом;
  • Эмгек акы, сапар чыгымы жана башка чыгымдарга төлөөдөгү бузуулар 31,0 миң сом;
  • Дебитордук карызды эсепке алуудагы бузуулар 194,2 миң сом.

Аудиттин жыйынтыгы менен:

- тиешелүү чараларды көрүү үчүн Кара-Көл шаарынын мэрине, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл финансы башкармалыгынын башчысына, шаардык Кеңештин төрагасына, муниципалдык менчик башкармалыгынын, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн, шаардык маданият үйүнүн, Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын, “Кара-Көл нуру” гезитинин редакциясынын жана “Кайыңды” балдардын эс алуу борборунун башчыларына жазма буйрук жана сунуштама жөнөтүлдү;

- отчеттун жана сунуштаманын көчүрмөлөрү жергиликтүү Кеңештин сессиясында кароо үчүн шаардык Кеңештин төрагасына жөнөтүлдү.

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө аудиттин жыйынтыгы боюнча маалымат жиберилди.