КРнын Санариптик өнүктүрүү министрлигинде 896 млн 229,3 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталды
Бүгүн, 2024-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Анда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2024-жылга аудитордук иш планынын негизинде, 2023-жылдын 1-январына тартып 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата КРнын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн бюджетинин атарылышына жана ага караштуу мамлекеттик ишкананын, акционердик коомдордун (“Кыргызтелеком” ААК жана “Кыргызпочтасы” ААК) ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин отчету каралды.
Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча 896 млн 229,3 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталган, анын ичинен: бюджеттик мекемелерде 133 463,4 миң сом, мамлекеттик ишканада 15 057,9 миң сом жана ачык акционердик коомдордо ("Кыргызтелеком" ААК жана "Кыргызпочтасы" ААК) 747 708,0 миң сом.
- Кирешелер боюнча калыбына келтирилүүгө тийиш болгон финансылык тартип бузуулар 59 919,5 миң сом; резервдер жана жоготуулар 102 747,7 миң сом.
- Чыгашалардын боюнча калыбына келтирилүүгө тийиш болгон финансылык тартип бузуулар 31 049,8 миң сом; резервдер, жоготуулар жана рационалдуу эмес пайдалануулар 134 047,0 миң сом.
- Эмгек акы боюнча калыбына келтирилүүгө тийиш болгон финансылык тартип бузуулар 58,7 миң сом; резервдер, жоготуулар жана рационалдуу эмес пайдалануулар 4 880,3 миң сомду түздү.
- Дебитордук жана кредитордук карыздар боюнча калыбына келтирилүүгө тийиш болгон финансылык тартип бузуулар 971,4 миң сом; резервдер жана жоготуулар 174 426,0 миң сомду түзгөн.
- Негизги каражаттардын жана товардык материалдык баалулуктар боюнча калыбына келтирилүүгө тийиш болгон финансылык тартип бузуулар 124 947,6 миң сом; резервдер, жоготуулар жана рационалдуу эмес пайдалануулар 253 550,0 миң сом.
- Мамлекеттик сатып алуулар боюнча калыбына келтирилүүгө тийиш болгон финансылык тартип бузуулар 1 538,4 миң сом; жоготуулар жана башка жол-жоболук мүнөздөгү бузуулар 8 092,9 миң сомду түздү.
Аудиттин жыйынтыгы боюнча отчет Эсептөө палатасынын кеңешинде каралып, кабыл алынды.