Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КР Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов Жаңы жыл менен куттуктады

 

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди кирип келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен чын дилибизден куттуктайбыз! 

Өтүп бара жаткан жыл чакырыктарга жана жетишкендиктерге бай болуп, жаңы ачылыштар жана ишенимдүү кадамдар менен эсте калды. Бул күндөрү биз мээнетибиздин, тырышчаактыгыбыздын жана жаркын келечекке болгон ишенимибиздин аркасында жетишкен ийгиликтерибизди сыймыктануу менен эскеребиз.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы мамлекеттик ресурстардын ак ниеттүү, ачык жана натыйжалуу тескелишин камсыздоого дайыма аракет кылып келет. Биздин максат – Мекенибиздин гүлдөп-өнүгүшүнө жана ар бир жарандын бакубат жашоосуна салым кошуу.

Жаңы жыл – бул, үмүттүн жана жашоого болгон жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн символу. 2025-жыл сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө бакыт, ден соолук жана береке алып келсин. Жаңы жыл жакшылыктарды жылоологон, ийгиликтерди коштогон жыл болсун! Бул жылы ар бир үйдөн балдардын күлкүсү чыгып, асманыбыз ачык болуп, элибиз тынчтыкта жашап, өлкөбүз күн сайын өнүгүү менен ири жетишкендиктерге ээ болуп, алдыңкы гүлдөп-өскөн өлкөлөрдүн катарын толуктасын. 

Сиздерге келечекке болгон ишенимге, жаңы жетишкендиктерге дем-күч берип, жакындарыңыз менен өткөргөн жылуу, бактылуу учурларды каалайбыз. Биз чогуу биримдикте болуп, бардык кыйынчылыктарды жеңип, алдыга койгон улуу максаттарга жетишебиз!

Урматтоо менен,

Эсептөө палатасынын төрагасы 

Алмазбек Акматов