Кочкор районуна жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында 301610,0 миң сом каржы бузуулар аныкталды
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан аудитордук иш планына ылайык, Нарын областынын Кочкор районунда 2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө, аткарылышына жана ишине шайкештик аудит жүргүзүлгөн.
Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында 301610,0 миң сом каржы бузуулар аныкталды. Анын ичинен:
- Бюджеттин долбоорун түзүүдөгү жана ал менен бир убакытта түзүлүүчү документтерди түзүүдөгү бузуулар 1186,6 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш. Анын ичинде:
- Бюджеттин киреше бөлүгүнүн ченемдик-укуктук актылардын талаптарына туура келбеши, сапатсыз пландоо 1186,6 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш.
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун тиешелүү бюджетине каражаттардын чегерилбеши 280,4 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилген. Анын ичинде:
- Мүлктү тескөөдөн алынган каражаттардын, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн алынган кирешелердин бюджетке чегерилбеши (өз убагында эмес жетолук эмес чегерүү) 106,8 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилген;
- Бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү) 173,6 миң сом, калыбына келтирилген;
- Бюджеттердин каражаттарын максатсыз пайдалануу 2384,1 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 724,1 миң сом. Анын ичинде:
- Жөлөкпулдарды, компенсацияларды, субсидияларды, субвенцияларды жана башка акчалай төлөмдөрдү алуу үчүн мыйзамдуу негиздери жок жактарга төлөмдөрдү берүү24,1 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилген.
- Мамлекеттик максаттуу программаларды ишке ашырууга бөлүнгөн каражаттарды башка багытка пайдалануу 2360,0 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 700,0 миң сом.
- Капиталдык салымдарга бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы жана курулуш иштерин аткаруудагы бузуулар 2525,3 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 197,5 миң сом. Анын ичинде:
- Курулуш-куроо иштеринин наркын жана/же көлөмүн жогорулатуу 2525,3 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 197,5 миң сом.
- Мүлктүн сакталышын камсыз кылбоо 276603,5 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 276568,5 миң сом. Анын ичинде:
- Негизги каражаттарды кириштөө тартибин бузуу, негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин эскиргендигин эсептөөдөгү бузуулар. Белгиленген тартипте кириштелбеген, эсепке алынбаган мүлктүн болушу 276568,5 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилген;
- Мүлктүн жана акчалай каражаттардын (зыян келтирүү, жоготуу, уурдоо) кем чыгуусу 35,0 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш;
- Бухгалтердик эсеп жөнүндө ченемдик укуктук актылардын бузулушу 12459,1 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилген.Анын ичинде:
- Дебитордук карыздар боюнча эсеп жүргүзүүдөгү бузуулар 12459,1 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилген.
- Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуудагы бузуулар 6171,0 миң сом. Анын ичинде:
- Ченемдик-укуктук актылардын талаптарына ылайык, конкурс өткөрбөстөн сатып алуулар (товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөр) 6171,0 миң сом.
Мындан тышкары, 3 (үч) бухгалтердик эсеп жөнүндө ченемдик укуктук актыларын бузуулар, 2 (эки) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү башка бузуулар жана 22 (жыйырма эки) башка жол-жоболук бузуулар жана аныкталган.
Аудиттин материалдары Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигинин, айыл өкмөттөрдүн, мекемелердин, ишканалардын башчыларынын жана финансы кызматкерлеринин катышуусу менен аймактык бөлүмдүн отурумунда каралган. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, райондук мамлекеттик администрациянын башчысына, айылдык Кеңештин төрагаларына - Отчет;
Аудит жүргүзүлгөн айыл өкмөттөргө, мекемелерге жана ишканага аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча Жазма буйруктар, Сунуштар жөнөтүлгөн.