Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Ноокен районуна жүргүзүлгөн аудитте 18794,7 миң сомдук каржы бузуулар аныкталды

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн 2024-жылга карата аудитордук иш планына ылайык, Жалал-Абад областынын Ноокен районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы, ал эми административдикаймактык реформа жүргүзүлгөн аймактарда 2024-жылдын 1-апрелине карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына, муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө шайкештик аудити жүргүзүлдү. Аудитке, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ноокен башкармалыгы, Ноокен райондук өнүктүрүү фонду, Момбеков, Бүргөндү-Достук (мурдагы Бүргөндү жана Достук), Э.Алиев (мурдагы Ноокен, Сакалды), Д.Садырбаев (мурдагы Арал, Масы, Шайдан) айыл өкмөттөрү жана муниципалдык ишканалары, Кочкор-Ата шаарынын мэриясы, Кочкор-Ата шаардык муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу Департаменти, Кочкор-Ата шаардык мэриясынын алдындагы “Таза Шаар” муниципалдык ишканасы камтылды.

Аудиттин жыйынтыгында жалпы 18794,7 миң сомдук каржы бузуулар аныкталды, анын ичинен ордуна коюлууга тийиш болгон каржы бузуулар 16111,0 миң сом, аудит учурунда ордуна коюлганы 1830,0 миң сом (андан: бюджетке 456,5 миң сом жана мекемеге 1373,5 миң сом), ордуна коюлбаганы 14281,0 миң сом.

Бузуулардын классификатору боюнча:

  • Бюджеттин киреше бөлүгүнүн ченемдик-укуктук актылардын талаптарына туура келбеши, сапатсыз пландоо – 901,5 миң сом;
  • Төлөмдөрдү туура, толук жана өз убагында жүргүзүлүшүн, алар боюнча туумдардын жана айып пулдардын эсептелишин жана төлөнүшүн контролдоо боюнча көрүлбөгөн чаралар – 72,3 миң сом;
  • Бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү) – 94,2 миң сом;
  • Бюджеттик каражаттарды бюджеттик сметада каралбаган чыгымдарга пайдалануу 800,0 миң сом;
  • Курулуш-куроо иштеринин наркын жана/же көлөмүн жогорулатуу – 4770,2 миң сом;
  • Кызматкерлердин эмгек акысына жана башка акчалай төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар – 1073,4 миң сом;
  • ТМБ жана башка чыгымдар боюнча ченемден ашыкча чыгымдар 688,3 миң сом;
  • Бюджетке ижара төлөмүн өз учурунда которууну камсыздоо боюнча чаралардын кабыл алынбагандыгы жана анын жоктугу – 5734,7 миң сом;
  • Бухгалтердик эсепти жүргүзүү талаптарын бузуу менен отчеттуу жактарга аванстарды берүү – 144,3 миң сом;
  • Командировкалык чыгымдарды, жөлөк пулдарды, компенсацияларды ж.б. төлөмдөрдү төлөп берүүгө байланыштуу бузуулар – 28,0 миң сом;
  • Негизги каражаттарды таануу, эсепке алуу жана аммортизациялоо тартиби боюнча мыйзамдардын талаптарын бузуу – 672,0 миң сом;
  • Дебитордук карыздыр боюнча эсеп жүргүзүүдөгү бузуулар – 3815,8 миң сом.

Аудиттин жыйынтыгы менен:

- тиешелүү чараларды көрүү үчүн Ноокен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысына, КРнын Финансы министрлигинин Ноокен финансы башкармалыгынын башчысына, Кочкор-Ата шаарынын мэрине, муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин, “Таза-Шаар” муниципалдык ишканасынын жана Момбеков, Бүргөндү Достук, Эргеш Алиев, Д.Садырбаев айыл өкмөттөрүнүн башчыларына сунуштама жана жазма буйрук жөнөтүлдү;

- отчеттун, сунуштаманын жана жазма буйруктун көчүрмөлөрү жергиликтүү Кеңештин сессиясында кароо үчүн айылдык Кеңештердин төрагаларына жөнөтүлдү;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына аудиттин жыйынтыгы боюнча маалымат жиберилди