КР Эсептөө палатасы Талас областынын Айтматов районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүздү
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2024-жылга карата аудитордук иш планына ылайык, 2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы Талас областынын Айтматов районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына жана республикалык бюджеттеги айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына шайкештик аудиттер жүргүзүлдү, алар: Айтматов районунун мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Айтматов финансы башкармалыгы, Айтматов районун өнүктүрүү фонду, 10 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.
Айтматов районунда жүргүзүлгөн аудиттерде – 21 188,4 миң сом каржы бузуулан аныкталды(аудиттин жүрүшүндө 7 511,5 миң сом калыбына келтирилген), анын ичинде:
- Бюджеттин киреше бөлүгүнүн ченемдик-укуктук актылардын талаптарына туура келбеши, сапатсыз пландоо – 1 711,4 миң сом;
- Жөлөк пулдарды, компенсацияларды, субсидияларды, субвенцияларды жана башка акчалай төлөмдөрдү алуу үчүн мыйзамдуу негиздери жок жактарга төлөмдөрдү берүү – 21,4 миң сом;
- Курулуш-монтаждоо иштеринин наркын же көлөмдөрүнүн жогорулатылышы – 715,9 миң сом;
- Кызматкерлердин эмгек акы төлөөлөр жана башка акчалай төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар – 1 424,2 миң сом;
- ТМБ нормативден ашыкча запастары жана эсептөөлөрдөгү каражаттар – 945,2 миң сом;
- Негизги каражаттарды кириштөө тартибин бузуу, негизги каражаттардын эскиришин жана материалдык эмес активдерди эсептөөдөгү бузуулар. Белгиленген тартипте эсепке алынбаган, кириштелбеген мамлекеттик (муниципалдык) мүлктүн болушу – 7 209,4 миң сом (аудиттин жүрүшүндө 6 456,6 миң сом калыбына келтирилген);
- Мамлекеттик (муниципалдык) мүлктүн жана мамлекеттик акча каражаттарынын кем чыгышы (бузулушу, жоголушу, уурдалышы) – 37,1 миң сом (аудиттин жүрүшүндө 37,1 миң сом калыбына келтирилген;
- Бюджетке ижара төлөмүн өз учурунда которууну камсыздоо боюнча чаралардын кабыл алынбагандыгы жана анын жоктугу – 286,4 миң сом (аудиттин жүрушүндө 286,4 миң сом калыбына келтирилген);
- Дебитордук карызды эсепке алуу боюнча бузуулар – 7 705,6 миң сом;
- Кредитордук карыздыр боюнча эсеп жүргүзүүдөгү бузуулар – 400,4 миң сом;
- Эсепке алуу жана отчеттуулук тартибин башка бузуулар – 365,8 миң сом (аудиттин жүрүшүндө 365,8 миң сом калыбына келтирилген);
- Социалдык коргоо бөлүгүндө мыйзам ченемдерин жол-жоболук бузуулар – 365,6 миң сом (аудиттин жүрүшүндө 365,6 миң сом калыбына келтирилген).
Айтматов районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын Коллегиясынын отурумунда кароо, аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу, аларга мындан ары жол бербөө боюнча иш-чаралардын комплексин аныктоо, бузууларга жана кемчиликтерге жол бергендиги үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчиликтерин кароо, Айтматов районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана муниципалдык ишканаларына жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары боюнча жиберилген жазма буйруктардын аткарылышын өзгөчө көзөмөлгө алуу жана милдеттүү түрдө аткарууну камсыз кылуу сунушталды.
Мындан тышкары, Айтматов районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас областынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына маалымат үчүн жиберилди.