Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Талас областынын Манас районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына шайкештик аудиттер жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2024-жылга карата аудитордук иш планына ылайык, 2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы Талас областынын Манас районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына жана республикалык бюджеттеги айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына шайкештик аудиттер жүргүзүлдү, алар: Манас районунун мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Манас финансы башкармалыгы, Манас районун өнүктүрүү фонду, 5 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.

Талас областынын Манас районунда жүргүзүлгөн учурдагы аудиттерде 9 098,1 миң сом (аудиттин жүрүшүндө 1 127,4 миң сом калыбына келтирилген) финансылык бузуулар аныкталган, анын ичинен:

  • Бюджеттик мыйзамдын талаптарына бюджет долбоорунун киреше бөлүгүнүн туура келбеши – 3 190,1 миң сом;
  • Мүлктү тескөөдөн алынган каражаттардын, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн алынган кирешелердин бюджетке чегерилбеши (өз убагында эмес же  толук эмес чегерүү) – 75,3 миң сом;
  • Курулуш-монтаждоо иштеринин наркын же көлөмдөрүнүн жогорулатылышы – 729,3 миң сом;
  • Кызматкерлердин эмгек акысына жана башка акчалай төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар - 1 125,3 миң сом;
  • ТМБ жана башка чыгымдар боюнча ченемден ашыкча чыгымдар – 2 771,4 миң сом;
  • ТМБ ченемден ашыкча запастары жана эсептешүүлөрдөгү каражаттар – 79,3 миң сом;
  • Негизги каражаттарды кириштөө тартибин бузуу, негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин эскиргендигин эсептөөдөгү бузуулар. Белгиленген тартипте кириштебеген, эсепке алынбаган мүлктүн болушу – 1 127,4 миң сом (аудиттин жүрүшүндө 1 127,4 миң сом калыбына келтирилгени эске алынсын).

Манас районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары Манас райондук мамлекеттик администрациясынын Коллегиясында кароо, аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу, аларга мындан ары жол бербөө боюнча иш-чаралардын комплексин аныктоо, бузууларга жана кемчиликтерге жол бергендиги үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчиликтерин кароо, Манас районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана муниципалдык ишканаларына жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары боюнча жиберилген жазма буйруктардын аткарылышын өзгөчө көзөмөлгө алуу жана  милдеттүү түрдө аткарууну камсыз кылуу сунушталды.

Мындан тышкары, Манас районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас областынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына маалымат үчүн жиберилди.