Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборуна 2016-2017-жылдарга аудит жүргүздү
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук борборунда 2016-2017-жылдарга бюджеттик жана атайын каражаттардын пайдаланышына пландык аудит жүргүздү.
Аудиттин жүрүшүндө 164,9 миң сомго каржы бузуулар аныкталган, анын ичинен эмгек акыга негизсиз төлөп берүүлөр – 129,9 миң сом жана мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу – 35,0 миң сом. Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 49,3 миң сомду түзгөн.
2016-жылы Улуттук борбор “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын бузуу менен, процедураларын сактабастан – 81,3 миң сомго сатып алуулар жүргүзүлгөн. 2017-жылы ичинде сатып алуулар процедурасы жүргүзүлбөстөн, атайын каражаттардын эсебинен “Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр” жана “Башка буюмдарды жана материалдарды сатып алуу” беренелери боюнча 172,7 миң сом жана 200,4 миң сом кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөнгөн.
Аудиттин жыйынтыгы боюнча Эсептөө палатасы тарабынан кем чыгууларга, бузууларга жол бербөө жана четтетүү боюнча сунуштар берилди. Аудиттин материалдары КР Жогорку Кеңешине, КР Президентинин Аппаратына, КР Коопсуздук Кенешинин катчылыгына, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана аудит жүргүзүлгөн объектке жөнөтүлдү.