Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агентигиндеги мыйзам бузуулар боюнча фактылар Башкы прокуратурага берилди

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинде 2016-жылга бюджеттик, атайын жана башка каражаттардын пайдаланылышына, ошондой эле Республикалык жана жергиликтүү жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү фонддору тарабынан 2014-2016-жылдары жаратылышты коргоо иш-чаралары үчүн бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышына жүргүзүлгөн аудиттин  жыйынтыгында аныкталган:

Аудиттин жыйынтыктары боюнча, 15275,0 миң сомго каржы бузуулары аныкталган, анын ичинен: акча каражаттарынын жана товардык-материалдык баалуулуктардын кем чыгуусу –510,1 миң сом, каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер – 13833,2 миң сом, бюджеттин кошумча кошуп эсептелген кирешелери – 640,2 миң сом жана Социалдык фонддун бюджетине кошумча кошуп эсептелген кирешелери -291,5 миң сом.

Аныкталган каржы бузууларынын ичинен 13467,8 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш, анын ичинен 1764,2 миң сом калыбына келтирилген.

Мындан сырткары, аныкталган резервдер жана бюджеттин жоготуусу – 91542,0 миң сом жана рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 7930,1 миң сом. Булардын ичинен 5767,2 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш, анын ичинен 2816,4 миң сом калыбына келтирилген.

Ошондой эле, аудиттин жыйынтыгында Агентиктин иши боюнча төмөндөгү кемчиликтер белгиленди.

Агенттиктин тутамында токой чарбаларынын ишин жөнгө салган Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаментинен сырткары 7 аймактык башкармалыктардын (Чүй-Бишкек, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ыссык-Көл, Нарын) болгондугу, анын башкаруу системасынын натыйжалуулугун төмөндөтүп, кошумча чыгымдарды жарата тургандыгы көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугунун концепциясында белгиленген жаратылышты пайдалануунун экономикалык механизмдерин өркүндөтүүнүн негизги багыттары толук кандуу ишке киргизилген эмес, анын ичинен: “булгоочулар төлөйт” принциби;  айлана-чөйрө жана адамдардын ден соолугу үчүн  коркунучтуу  заттарды чыгарууларга жараша акы төлөөнү камсыздоо; айлана-чөйрөнү булгоо үчүн бирдиктүү экологиялык салык киргизүү; экологиялык жактан таза технологияларды, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууга түрткү берүүчү салыктардын жана пошлиналардын системасын түзүү жана колдонуу; өнөр жайлык калдыктарды кайтадан пайдаланууга жана кайра иштетүүгө түрткү берүүчү рыноктук механизмдерин ишке киргизүү ж.б.

Жалпысынан Республикалык жана Жергиликтүү фонддорго 2016-жылда келип түшкөн кирешенин суммасы 263,9 млн. сом өлчөмүн түзүп, бул 2015-жылга салыштырмалуу 62,5 млн. сомго, 2014-жылга караганда 29,8 млн. сомго аз, же түшкөн кирешелер тиешелүүлүгүнө карата 19,1% жана 10,1% азайган. 

2016-жылы бул фонддорго киреше булактарынын келип түшүүлөрүнүн кескин төмөндөөсү, негизинен көчмө булактардан (автотранспорт жана башка күйүүчү май менен иштөөчү каражаттар) булгоочу заттарды абага чыгаргандыгы үчүн төлөмдөрдүн 37,0 млн. сомго, КР чек арасына чет өлкөлүк автотранспорттордун кирүүсүнөн айлана-чөйрөнүн булгануусу үчүн төлөнүүчү төлөмдөрдүн 31,8 млн.сомго кыскаруусунан түзүлгөн.

Бул төлөмдөр боюнча 2016-жылы келип түшүүлөрдүн азаюусу, негизинен алардын келип түшүүлөрүн администирлөөнүн тартибинин өзгөрүүсүнөн жана төлөө тарифинин өлчөмүн төмөндөтүүдөн болгон.

Мурда, көчмө булактардан булгоочу заттарды абага чыгаргандыгы үчүн төлөмдөрдү нефтетрейдерлер күйүүчү майлардын Кыргыз Республикасынын территориясына кирген көлөмүнөн төлөп келсе, КР Өкмөтүнүн 5.10.2015-жылы №684 токтому менен “айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөрдү аныктоонун Методикасына” киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, 2015-жылдын 1-ноябрынан тартып алардын сатылган көлөмүнөн төлөйт жана төлөө тарифинин өлчөмү бензин боюнча тоннасына 3,8 сомго, дизел отуну боюнча 7,8 сомго төмөндөгөн. Мамлекеттик салык кызматы КР салык кодексинин 54-статьясына (маалыматтардын сыры) ылайык маалымат бергенден баш тартуусу, бул төлөмдөрдү толук жыйноо мүмкүнчүлүгүн төмөндөтөт.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык бирликке кошулуусу жөнүндө келишимдин шартарына ылайык кыргыз-казак мамлекеттик чек-арасында бажы постторун жойгондон кийин, айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына киргенде чет мамлекеттердин транспорт каражаттарынан 2015-жылдын август айынан тартып азыркы күнгө чейин төлөмдөрдү  алуу жүргүзүлгөн эмес. 

Мындан сырткары, 2015-жылдын жылдын 9-октябрындагы № 702 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген  Агенттиктин экологиялык посттору  жөнүндө жобонун 1-статьясынын 2-пунктусуна  ылайык, Экологиялык посттор чет мамлекеттердин транспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына киргенде айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөрдү, ыйгарым укуктуу финансы-кредиттик мекемелердин  төлөм терминалдары аркылуу, алууну камсыз кылат.

Бирок, азыркы учурга чейин экологиялык посттордун штаттык курамы менен байланышкан маселелер чечилбегендиктен, бул төлөмдөрдү жыйноодо жоготуулар жаралууда.

Аудит учурунда, Кыргыз Республикасынын Улуттук Статистика комитетинен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик чек ара кызматынан  жана Мамлекеттик салык кызматынан алынган маалыматтарга ылайык, айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөрдүн базалык көрсөткүчтөрүнүн өскөнүнө карабастан, келип түшкөн төлөмдөрдүн төмөндөшү, бул төлөмдөрдү администирлөөнүн механизмдеринин начардыгын айгинелейт.

Республикалык жана жергиликтүү жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү фонддорунан Агенттиктин түзүмдук бөлүнүштөрүнүн материалдык техникалык базасын чыңдоого (административдик имараттарды жана кардондорду салып берүү, оңдоо, кызматтык автомашиналарды жана атайын техникаларды сатып берүү ж.б.), алардын ишин колдоого жанакошумча материалдык стимулдарга (сыйлык акы, жол кире жана тактанууга, )

Ошол эле учурда, “Атмосфералык абаны коргоо” бөлүмүнөн каржыланган чыгымдар 2014-жылы 12,0 млн. сомду, 2015-жылы 10,8 млн. сомду, 2016-жылы 0,8 млн. сомду түзүп, жалпы чыгымдын тиешелүүлүгүнө карата 5,9%, 3,6%, 0,3% түзгөн. Аудиттин ою боюнча, бул багытта ченөөчү-көзөмөл приборлору менен жабдылган экопосторду уюштурууга, мамлекеттик көзөмөл органдарын (Мамэкотехинспекция) камсыздоого акча каражаттарын бөлүштүрүү, абага зыяндуу заттарды чыгаруучу булактарга көзөмөлдү күчөтүп, төлөмдөрдүн бюджетке түшүүсүн жакшыртмак.

2014-2016-жылдары Республикалык жана жергиликтүү фонддордон жер ресурстарын коргоо, өндүрүш калдыктарын башкаруу жана Агенттиктин түзүмдук бөлүнүштөрүнүн материалдык техникалык базасын чыңдоо багытында атайын техникалар (мусор-ташыгыч, экскаватор-жүктөгүч, жууп-тазалоочу, жүк ташуучу, жер айдоочуу ж.б.) 150,8 млн. сомго, кызматтык жана нөөмөттүк автотранспорттор 17,6 млн. сомго, жалпысы 168,4 млн. сомго сатып алынып, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына жана Агенттиктин түзүмдук бөлүнүштөрүнө таркатылып берилген. Ошондой эле, айыл-чарба багытындагы сокосу менен “МТЗ-82” маркасындагы 6 трактор 8,5 млн. сомго сатып берилгендигин да белгилөөгө болот.

Республикалык жана жергиликтүү фонддордон каражаттарды бөлүштүрүүдө, айрыкча атайын транспорт каражаттарын сатып берүүдө айрым аймактарга артыкчылыктар берилген. Атап айтсак, 2014-2016-жылдары атайын техникаларды сатып алууга, модернизация, ирригациялык каналдарын оңдоо иштерине чоң көлөмдө: Өзгөн шаарынын мэриясына – 8,0 млн.сом, Бишкек шаарына – 98,9 млн. сом, Ош шаарына – 19,8 млн. сом, Чүй облустук мамлекеттик администрацияга – 15,1 млн. сом, Жалал-Абад шаарына – 12,1 млн.сом Фонддун башкармалыгынын чечимдери  менен бөлүнгөн.

2014-2016-жылдары Республикалык жана жергиликтүү фонддордон Агенттиктин борбордук аппараты жана ведомстволук мекемелери 138,1 млн. сомго, анын ичинен 2014-жылы - 45,4 млн. сомго, 2015-жылы – 51,3 млн. сомго, 2016-жылы – 41,4 млн. сомго каржыланган. Мында жалпы каржыланган акча каражатынын 65,7% же 76838,0 миң сом кошумча эмгек акы төлөмдөрүнө жумшалган, анын ичинен сыйлык акыга - 32834,4 миң сом, материалдык жардамга (айыл чарба продукцияларын күз мезгилине карата даярдап алуу ж.б. жардам) – 5409,9 миң сом, жол кире жана тамактанууга – 29023,3 миң сом, Социалдык фондго чегерүүгө – 9570,4 миң сом. Ал эми, «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын башкы дирекциясы 2014-2016-жылдары Республикалык фонддон 40648,7 миң сомго каржыланган, анын 93,8% же 38136,1 миң сому Дирекциянын аппаратын кармоого жана административдик имаратын оңдоо иштерине жумшалган. Биосфералык аймакты  функциялык зоналарга бөлүүнү жүргүзүүгө болгону 2512,6 миң сом же 6,2% чыгымдалган.

Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү фонддорунан каржыланган айрым иш-чаралар, Фонддун Башкармалыгынын чечимдери, тамыштамалары жок эле, Агенттиктин буйруктары же оозеки суроо талаптары боюнча жүргүзүлгөн.

Республикалык фонддун башкармалыгынын 2016-жылдын 29-февралында № 3 чечим менен “Токой экосистемаларын өнүктүрүү Департаментинин токой чарбаларында теплица менен базалык питомниктерди уюштуруу” долбоору жактырылып, ал боюнча 7 базалык питомниктерди 7 токой чарбага Талас, Джалал-Абад, Ош, Чүй жана Ысык- Көл облустарында уюштурууга Республикалык фонддон каржыланган 8491,9  миң сомдон аудит жүргөн мезгилге чейин өздөштүрүлбөгөн жалпы каражаттын калдыгы 3663,7 миң сомду түзгөн. Аудиттин жүрүшүндө Фонддун эсебине бардыгы 2747,7 миң сом өздөштүрүлбөстөн кайра кайтарылган, калган 916,0 миң сом да Фонддун эсебине кайтарылууга жатат.

Жыйынтыгында, Республикалык Фонддун башкармалыгы менен кабыл алынган бир жыл бою отургузуучу материалды өстүрүү үчүн, анын ичинде токой чарбаларында жабык тамыр системасы менен жаңы технологиялар жана энергонатыйжалуу теплицалар менен жабдылган мамлекеттин ар кандай аймагында базалык питомниктерди түзүү тууралуу чечими, Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаменти тарабынан аткарылбастан, өз максатына жетпей калган.

Ошондой эле, Республикалык Фонддун башкармалыгынын чечими менен токой чарбаларында жана өзгөчө корголуучу аймактарда кардондорду жасоо үчүн 724,1 миң сомго берилген контейнерлер, кызматтык автоунаа, муздаткыч жайларды куруу жана башка жаратылышты коргоо иштерине берилген 1520,4 миң сом суммасындагы акча каражаттары өздөштүрүлбөстөн, натыйжасыз пайдаланылгандыгы аныкталган.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик мекемелерге жана башка уюмдарга жашылдандырууга токой чарбалары тарабынан берилген көчөттөрдүн нормативдик өнүмдүүлүгүн камсыз кылбагандыгы үчүн, үч тараптуу түзүлгөн келишимдин негизинде алар тарабынан ордун толтурууга жата турган көчөттөрдүн суммасы -  2464,2 миң сомду түзгөн, анын ичинен 21,6 миң сом аудит учурунда калыбына келтирилген.

Республикалык жана жергиликтүү фонддордон жергиликтүү өзүн башкаруу органдарга, мекемелерге жана уюмдарга сатып берилген атайын техникаларды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында бардыгы 24109,1 миң суммасындагы атайын унаа каражаттары Ош жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын, айыл өкмөттөрүнүн жана муниципалдык ишканалардын балансына киргизилбегендиги, МКК органдарынын мамлекеттик каттоосунан  өткөрүлбөгөндүгү жана аларга номердик белгилер алынбагандыгы аныкталган.

Мындан сырткары, Мырза-Аке айылдык округуна  1170,0 миң сомго “Элим Строй” ЖЧКнан 2016-жылдын 24-февралындагы №7 үч тараптуу келишимине ылайык Чүй, Бишкек, Талас ЖКРФ тарабынан сатып берилген 2016-жылкы чыгарылыштагы  “МТЗ Беларусь 82.1” маркасындагы 1 бирдик трактор 2016-жылдын август айынан баштап токтотулган жана бүгүнкү күнгө чейин иштебейт, 2017-жылдын 7-июлундагы  курамы 7 адамдан турган комиссиянын актысы боюнча эски экендиги ырасталган. Бул факты боюнча Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, “Элим Строй” ЖЧКнан 640,0 миң сом кайтарылган.

Ошондой эле, Чүй-Бишкек-Талас жергиликтүү фонддуна тендердин жыйынтыктары боюнча 3860,0 миң сомго сатып алынган 2 бирдик атайын техника “Энеркомп” ЖЧКсы тарабынан бүгүнкү күнгө чейин жеткирилбеген факты Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына тиешелүү чара көрүү үчүн жөнөтүлгөн.

Агенттиктин эл-аралык кызматташуу бөлүмү тарабынан эл-аралык уюмдардын долбоорлору көрсөткөн жардамдар боюнча толук маалымат жыйналбайт, ошондой эле түзүмдүк бөлүмдөрүнө жана ведомстволук мекемелерине берилген товар-материал баалуулуктары жана аткарылган жумуштар боюнча толук маалымат жок. Аудит учурунда Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун азык-түлүк жана айыл-чарба өкүлчүлүгүнүн берген маалыматына ылайык, 2015-2016-жылдары Агенттиктин Токой чарбалары тарабынан кириштелбеген запастар Түп, Жети-Өгүз, Кочкор, Ак-Талаа, Кочкор-Ата, Кара-Алма, Ноокат, Жайыл токой чарбаларында аныкталган, ал  кириштелбеген запастар 2017-жылдын жыйынтыгы менен тапшырылган жыйын отчетто кириштелип чыгышталган.

Ошондой эле, аталган токой чарбаларында 2016-жылы  токой кардондору жылууланып, электроэнергиясын үнөмдөөчү мештер орнотулган жана 2 комплект инструменттер берилген, бул боюнча баштапкы документтер берилбегендигине байланыштуу бухгалтердик эсепке кириштелген эмес.

Аудит учурунда, токой чарбаларынын жана өзгөчө корголуудагы аймактын жетекчилери өз убагында тиешелүү чара көрүшпөгөндүктөн арендага берилген жерлерге капиталдык эс алуу жайларын, турак-жайларды мыйзамсыз куруу иштери менен, ал жерлер эл отурукташкан аймактарга айланып жаткандыгы белгилүү болду. Бул пландаштырылбаган мыйзамсыз пайда болгон айыл аймактары, жергиликтүү өзүн башкаруу органдарына, ал аймактарды электр жарыгы, суу жана мектеп менен камсыздоо боюнча кошумча жүктү артат. 

“Токой аңчылык жайгаштыруу” мамлекеттик ишканасынын алдынала такталган маалыматы боюнча, мыйзамсыз салынган курулуштардын саны токой чарбаларда 3038, ал эми өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары менен бирге алганда 3478, жалпы аянты 335,65 га түзгөн.

2016-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы аныкталган 22984,0 миң сомдук зыяндан, жылдын ичинде 3698,6 миң сому же 16% гана өндүрүлгөнүн, 6238,8 миң сом (27%) суммасындагы 60 иш кыскартылган. Бул, токой чарбалары жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары тарабынан келтирилген зыяндары өндүрүү боюнча натыйжалуу иш-чаралар жүргүзүлбөгөндүгүн айгинелейт.

Мамлектеттик токой фондунун жерлеринин ижара акысын өндүрүү натыйжалуу жүргүзүлбөгөндүгүн белгилөөгө болот. 2016-жылдын 1-январына токой чарбалары боюнча мамлекеттик токой фондунун жер ижарасынын дебитордук карызы 29430,3 миң сомду түзсө, ал эми жылдын аягында 19527,5миң сомду түзгөн же 9902,8 миң сомго азайган.

Ал эми, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын 2016-жылдын 1-январына жер ижарасынын дебитордук карызы1782,0 миң сомду түзсө, ал эми жылдын аягында 2501,2 миң сомду түзгөн же 719,2 миң сомго көбөйгөн.

Аудит учурунда, жангак аянттарын ижарага берүүсүн талдоонун жыйынтыгында, жаңгак токойлорун натыйжасыз пайдалануу Авлетим, Аркыт,  Кызыл-Үңкүр,  Орток токой чарбаларында аныкталган.

Айрым токой чарбаларынын жетекчилери жумуштан алмашуудан кийинки көчөттөрдүн учурдагы (1-3 жылдык) жана 10-жылдык мезгил аралыгындагы (токойго жайгаштыруу иш-чараларынын жыйынтыктары боюнча) өсүмдүүлүгүнө жүргүзгөн инвентаризация боюнча токой көчөттөрүнүн өсүмдүүлүгү өтө төмөн экендиги, өспөй калган, такталбаган жана чыгышталган жер аянттарынын болушу,  алардын өз мезгилинде токой баскан аянттарга айланбагандыгы,  Агенттиктин аймактык башкармалыктары тарабынан өз учурунда толук жана сапаттуу көзөмөл жүрбөгөндүгүн жана көчөттөрдүн өнүмдүүлүгү боюнча жылына күз айларында өтүүчү инвентаризациялар формалдуу түрдө өткөрүлгөндүгүн айгинелеп турат. Мындай көрүнүштөр Кара-Алма, Тоскоол-Ата, Чаткал, Орток, Авлетим,  Аксы токой чарбаларында жана “Чон-Кемин” мамлекеттик жаратылыш паркында аныкталган.

Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарда мыйзамдын талаптарына ылайык илимий-изилдөө иштердин жүрүшүн Агенттик көзөмөл жүргүзбөгөндүгү белгилүү болду. Агенттиктин курамындагы 12 мамлекеттик жаратылыш паркы жана 10 мамлекеттик жаратылыш коруктарынын илимий статусу бар экендигине карабастан, толук илимий кызматкер штаттык бирдиктери берилген эмес, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүш үчүн мыйзамдын талаптарына ылайык илимий-техникалык кенеш жана техникалык кенеш түзүлбөгөн, бекитилген илимий-изилдөө иштеринин планы жана алардын аткарылышы боюнча так отчеттук маалыматтар жок.

Аудиттин жыйынтыктары боюнча:

- Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгына – отчет;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө – отчет жана сунуштама;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине – жазма буйрук;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине – отчет жана жазма буйрук;

 - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына:

 -Чүй-Бишкек-Талас жергиликтүү жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү фондуна “Энеркомп” ЖЧКсынын 3860,0 миң сомдук 2 атайын техникалары жеткирилбей калган факт боюнча аудит актысынан көчүрмө;

- Кара-Алма токой чарбасында жүргүзүлгөн аудиттин Актысы, аныкталган каржы бузуу фактылары боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн жөнөтүлгөн.