Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына 2017-жылга жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу боюнча ишине жана бюджеттин аткарылышына 2017-жыл үчүн аудит жүргүздү.
Аудит тарабынан төмөндөгүдөй негизги сын-пикирлер белгиленген. Финансы министрлиги тарабынан кирешелерди болжолдоо, өткөн мезгилдин пландуу жана факты жүзүндөгү көрсөткүчтөрүнүн негизинде түзүлгөн, мында, салыктык түшүүлөргө таасир эткен факторлор жана тобокелдиктердин бардыгы бааланган эмес. МСК төлөөгө жөндөмдүү компаниялар тарабынан салык милдеттенмелерин мөөнөтүнөн мурда аткаруу практикасын улантып келет, отчеттук жылдын бюджетинин киреше бөлүгүн аткаруу алардын эсебинен жетишилип келет, бул кирешелер кийинки мезгилдин кирешеси болуп эсептелинет.
Ошондой эле МСК ыйгарым укуктары жана ресурстары алкагында белгиленген контролдоо, процесстин бир бөлүгүн жана Кыргыз Республикасынын чек арасынан өткөндө каттоо учурунан тартып ЕАЭБ ичине товарларды өткөрүү бөлүгүндө ак ниет салык төлөөчүлөрдү гана камтыйт. Учурда МСК, адам факторунун минималдуу катышуусу менен, жеткирүүнү, көлөмдү, төлөмдү тастыктоонун ишенимдүү ыкмасын камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берүүчү бул процесстин катышуучулары бөлүгүндө (ташуучулар, логистикалык борборлор ж.б.), аны сатууга чейин товар өндүрүүчүлөрдөн баштап, тизмек боюнча жетишээрлик, заманбап жана туура маалыматка ээ эмес.
2015-2016-жылдары салык органдарына ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соода кылууда импорт боюнча кыйыр салыктарды администрлөө, жеке ишкерлерди мамлекеттик каттоо, ошондой эле пилоттук режимде камсыздандыруу төгүмдөрүн администрлөө боюнча кошумча функциялар берилген. Мында, аткарылган иштердин көлөмү көбөйүшү менен, салык органдардын кызматкерлеринин саны көбөйгөн эмес. МСК тарабынан социалдык чегерүүлөрдү администрлөө функциясын жүргүзүүгө салык органдарынын даярдыгына талдоо жүргүзүлгөн эмес.
МСК тарабынан жалган ишкерлик, жалган жеткирүү, салыктарды төлөбөө боюнча белгилүү бир тобокелдиктер боюнча мониторинг жана талдоо талаптагыдай жүргүзүлбөйт, бул жөнүндө укук коргоо органдары тарабынан козголгон жазык иштери күбөлөндүрөт. Ушул кырдаалды талдоо кызмат көрсөтүү жана соода чөйрөсүндө салыктын учурдагы ставкаларында белгиленген патенттин суммасы, ишкердик субъекттеринин товар жүгүртүү жана салык салынуучу кирешесинин факты жүзүндөгү суммасына туура келбегендигин көрсөтөт.
Аудиттин жыйынтыгы боюнча 6,4 млн. сомго каржы бузуулар аныкталган, атап айтканда “Кыргыз Темир Жолу” УК МИ боюнча мүлк салыгы азайтылган.
Аудиттин жыйынтыгы боюнча МСК жетекчилигине аудиттин жүрүшүндө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча чараларды көрүү боюнча, ошондой эле аларга мындан аркы ишинде жол бербөө сунушталды. Аудиттин материалдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгына жана аудит объектисине жөнөтүлдү.